Индиядагы миллиардерлердин жалпы байлыгы акыркы 10 жылда үч эсеге өстү.
Бул тууралуу ТАСС Швейцариядагы эң ири каржылык холдинг UBS Group компаниясына шилтеме кылып билдирет.
Ошентип, индиялык миллиардерлердин жалпы байлыгы 10 жылдын ичинде өсүп, үстүбүздөгү жылдын апрелине карата 905,6 миллиард долларга жетти.
UBS Group маалымдагандай, республикада мындай адамдардын саны жыл ичинде эки эседен ашык көбөйүп, 300гө жеткен.
Учурда өлкөдө 1 миллиард доллардан ашык капиталы менен расмий катталган 108 үй-бүлөлүк бизнес бар.
Индия бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.
Индиянын экономикалык өсүшүндө үй-бүлөлүк бизнес маанилүү роль ойнойт. Индиялык миллиардерлердин санынын көбөйүшүнө урбанизация, өнөр жай өндүрүшүнүн кубаттуулугунун өсүшү жана Индиянын жашыл энергетикага өтүүсү сыяктуу факторлор түрткү болду. Башка жагынан алганда, индиялыктар үчүн миллиондогон доллар байлык жараткан тармактар - бул энергетика, фармацевтика жана кыймылсыз мүлк.