Индиядагы шайлоонун жыйынтыгы: Моди үчүнчү жолу катары менен өкмөт башчы болот

Индиянын премьер-министр Нарендра Модинин “Бхаратия Жаната” партиясы жетектеген Улуттук демократиялык альянс парламенттин төмөнкү палатасы болгон “Лок Сабхадагы” 543 орундун 293үн жеңип алды.

Бул тууралуу Times of India басылмасы жазып чыкты.

Индиянын “Элдик партиясы” 240 мандатка ээ болуп, биринчи келди, бирок көпчүлүк үчүн зарыл болгон 272 добушка жетпей калды. Эми Өкмөттү түзүү үчүн “Бхаратия Жаната” партиясы өзү жетектей турган Улуттук демократиялык альянстын колдоосуна муктаж болот.

2019-жылдагы мурдагы шайлоодо “Бхаратия Жаната” 303 орунга, Улуттук демократиялык альянс 352 орунга ээ болгон.

Байкоочулар бул жолку шайлоодо оппозициянын олуттуу ийгилигин белгилешүүдө. 28 партиядан турган Индиянын улуттук инклюзивдик өнүгүү альянсы 234 мандатка ээ болду. Индиянын улуттук конгресси альянсынын жетекчи партиясы төмөнку палатадагы өзүнүн өкүлдөрүн 52ден 99га чейин көбөйттү.

Ошентип, Нарендра Моди үчүнчү жолу катары менен Индия өкмөтүнүн башчысы болду.

Индияда өткөн шайлоолор дүйнөдөгү эң чоң шайлоо болду. Калкынын саны дээрлик бир жарым миллиардга жеткен өлкөдөгү шайлоо өнөктүгү 19-апрелде башталып, жети айлампа менен өттү. Шайлоодо 1 миллиардга жакын шайлоочу катталган.

Тактап айтканда, 970 миллион киши шайлоо укугуна ээ. Бул – дүйнө калкынын 10%ынан ашат. Индиялыктар алдыдагы беш жылга парламенттин төмөнкү палатасынын 543 депутатын шайлашты.

Бүгүн, 5-июнда, Моди министрлер кабинети парламенттин төмөнкү палатасын таратууну сунуштагандан кийин мыйзамга ылайык, кызматтан кетти. Эми анын арызын президент Драупади Мурму кабыл алып, жаңы кызматына кайра киришүүгө уруксат берет.

Ошентип Моди 8-июнда үчүнчү мөөнөткө киришүү үчүн ант берет деп күтүлүп жатат.

Комментарий жиберүү