Индияда белгисиз инфекция жайылып, 17 адам каза болду

Индиянын түндүгүндө белгисиз оору жайылып, 17 адам каза болгонун Khaleej Times билдирди.

Индиянын Джамму жана Кашмир штаттарында белгисиз инфекциянын учурлары катталды. 2024-жылдын декабрынан бери Бадхаал айылында оорунун 38 учуру катталып, анын 17си каза болгон.

Бардык учурлар үч үй-бүлө мүчөлөрүнөн аныкталган. Оору ысытма, жүрөк айлануу жана алсыздык сыяктуу белгилер менен коштолот. Кошумчалай кетсек, маркумдардын баарынын мээси шишип кеткен.

Изилдөөлөр бул оору токсиндердин таасири менен шартталган деп эсептейт, бирок конкреттүү токсин аныктала элек.