Индияда жүргүнчү учагы кыйрады

Air India компаниясына таандык учак Индиянын Ахмедабад шаарынан Лондонду көздөй учуп баратып, жерден көтөрүлгөндөн көп өтпөй кыйрап түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, бортто 240тан ашуун адам болгон.

Ахмедабад шаарындагы (Гуджарат штаты, батыш Индия) аэропорттун жанында жүргүнчү учагы кыйраганы тууралуу NDTV маалымдады.

News18 порталы тактагандай, учак Air India компаниясына таандык болуп, Лондон шаарына учуп бараткан. Анын бортунда 232 жүргүнчү жана 12 экипаж мүчөсү болгон. ANI агенттиги жалпы 242 адам болгонун билдирүүдө. РИА Новости Россиянын Баш консулдугуна таянып жазгандай, орус жарандарынын жабыркагандардын арасында болушу азырынча аныкталган жок.

Air India социалдык түйүндөгү X баракчасында учак менен «кырсык» болгонун билдирип, учурда жагдай такталып жатканын, толук маалымат кийин берилерин кошумчалады. Учак AI171 каттамы менен Ахмедабаддан Лондондун Гатвик аэропортуна уча турган болчу.

Times of India жазгандай, кырсык учак асманга көтөрүлгөндөн бир нече мүнөт өтпөй болгон. Учак кулаган жерде жерде калың кара түтүн асманга көтөрүлүп, ал бир нече чакырым алыстан да көрүнүүдө.

Учак Меганинагар районунун жанындагы эл жашаган кварталга кулаган. Ошол замат бул аймактагы жолдор толугу менен жабылган.