Индиялык коррида: каза болгондор бар жана жүздөгөн адамдар жарадар болду

Индияда букаларды колго үйрөтүү боюнча мелдеш маалында жети киши каза болуп, 400дөн ашууну жаракат алды.

Бул тууралуу Times of India гезити жазды.

Катышуучулар да, көрүүчүлөр да жабыркаганын гезит тактады. Каза болгондордун алтоосу иш-чарага көрүүчүлөр катары катышкан.

Жалликатту деп аалган “Индия корридасы” – жергиликтүү букаларды колго үйрөтүүчү спорт, анда катышуучу буканы мүйүзүнөн кармап алышы керек.

Иш-чаралар Тамил Наду штатында, Сиваганга, Мадурай, Кришнагири жана Салем сыяктуу райондордо өткөнү белгиленди.