Кашмирдеги атактуу туристтик Пахалгам шаарындагы 20дан ашык адамдын өмүрүн алган теракттан кийин эки өлкөнүн ортосундагы абал дагы деле чыңалган бойдон турат.
Пакистандын аскерлери Джамму жана Кашмир штатынын Индиянын союздук аймагынын бир катар райондорунда көзөмөл сызыгын бойлото кайрадан ок атышты.
Бул тууралуу Индиянын кургактагы күчтөрүнүн билдирүүсүнө таянып, ТАСС агенттиги билдирди.
«2025-жылдын 29-апрелинен 30-апрелине караган түнү Пакистан армиясынын посттору Джамму жана Кашмирдин Биримдик аймагындагы Ношера, Сундербани жана Ахноор секторлорунун карама-каршысындагы көзөмөл сызыгы аркылуу себепсиз ок атуучу куралдан ок чыгарышты.
Индия армиясынын аскерлери дароо жана пропорционалдуу түрдө жооп кайтарышты», – деп айтылат Индиянын армиясынын билдирүүсүндө.
Жамму жана Кашмирдеги жанкечтилик кол салуудан кийин Индия-Пакистан чек арасында ок атышпоо режими бир жумадан бери бузулуп жатат деп айтылат маалыматта.
Ал эми башка маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, Индия тарап “Лашкар-э-Тайба” тобу тарабынан жасалган чабуулга Пакистандын Кызматтар аралык чалгындоо мекемесинин катыштыгы бар деген далилдерди таап, ушуга байланыштуу Исламабаддагы элчиликтердин санын эки эсеге кыскартты. Ошол эле учурда суу ресурстарын бөлүштүрүү боюнча эки тараптуу келишим токтотулду.