Индия Жамму жана Кашмир союздук аймагында 26 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдан кийин Пакистан менен болгон негизги “Атари” көзөмөл-өткөрүү пунктун жаап жатат.
Бул тууралуу Индиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Викрам Мисри брифингде билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазышты.
“Интеграцияланган көзөмөл-өткөрүү пункту “Атари” дароо жабылат”, – деди ал.
Мисринин айтымында, чек араны кесип өткөн пакистандыктар 2025-жылдын 1-майына чейин бул каттам аркылуу кайтып кете алышат.
Индиялык дипломат ошондой эле Нью-Дели Индия менен Пакистандын ортосундагы суу бөлүшүү келишими – 1960-жылдагы Инд суулары боюнча макулдашууну токтопу жатат.
“Инд суулары келишими Пакистан чек арадагы терроризмди колдоону так жана кайтарылгыс түрдө токтотмоюнча токтотулган бойдон калат”, – деп баса белгиледи Мисри.
Индиянын Жамму жана Кашмир аймагындагы Пахалгам шаарына жакын жерде террордук чабуул 22-апрелде түштөн кийин болгон. Куралчан үч адам топтолгон туристтерге ок чыгарып, 25 индиялык жана бир непалдык жараны набыт болду.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Лашкар-и-Тайба” менен байланышы бар “Каршылык көрсөтүү фронту” деп аталган топ өзүнө алды.
Расмий Исламабад террордук чабуулга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.