Индонезия БРИКСке кошулду

Индонезия БРИКСтин толук кандуу мүчөсү болгонун Бразилия өкмөтү жарыялады, бул тууралуу маалымат өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.

«Бразилиянын 1-январда башталган жана 2025-жылдын 31-декабрына чейин созула турган БРИКСтеги убактылуу төрагалыгынын алкагында, Бразилиянын өкмөтү 6-январда Индонезия Республикасынын БРИКСке толук кандуу мүчө катары расмий киришин жарыялады», – деп айтылат маалыматта.

Индонезиянын талапкерлиги топтун лидерлеринин 2023-жылдын августунда Йоханнесбург саммитинде консенсус менен жактырылган, бирок бириммеге кошулуунун алдында бул өлкөдө президенттик шайлоо өтүп, жаңы өкмөт түзүлгөн.

брда Бразилиянын тышкы иштер министри Мауро Виейра БРИКС деңгээли жактан G20 форматына жакындап жатканын билдирген.

БРИКС – 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме, ага Орусия, Кытай, Индия, Бразилия  жана Түштүк  Африка кирет; Өткөн жылы бул топко Египет, Эфиопия, Иран жана БАЭ кошулган.