Иракта АКШнын өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүнө каршы нааразылык акциялары болду.
Бул акциялар АКШ президенти Дональд Трамптын ирактык саясатчы Нури аль-Маликинин премьер-министр болуп кайра шайланышына каршы болуп, Иракка көрсөтүлүп жаткан америкалык жардам токтотулушу мүмкүн экенин эскерткен билдирүүлөрүнөн кийин болду.
Ондогон адамдар Ирактын желектерин көтөрүп, Багдад шаарынын борборуна чогулуп, Трамптын Ирактын парламент депутаттарына көрсөтүп жаткан басымына нааразычыылк билдиришти.
Демонстранттар АКШнын Ирактын ички иштерине кийлигишүүсүнө каршы ураандарды чакырышты.
Буга чейин Трамп Нури аль-Малики кайрадан премьер-министр болуп келсе, Иракка көрсөтүлүп жаткан америкалык жардам токтотулушу мүмкүн экенин билдирген.
24-январда Ирак парламентинде көпчүлүктү түзгөн эң ири шиит партияларынын коалициясы – “Координациялык кеңеш” мурдагы премьер-министр Нури аль-Маликини жаңы премьер-министрликке көрсөткөн. Аль-Малики Трамптын коркуткан билдирүүлөрүн Ирактын суверенитетин бузуу катары баалап, премьер-министрликке талапкерлигин артка кайтаруудан баш тарткан.
Малики 2006-жылы Саддам Хусейндин режими кулагандан кийин Ирактын премьер-министри болуп, 2014-жылы кызматтан кеткен. Бирок, кийинки жылдары ал Ирактын саясий аренасындагы таасирин сактап калган.