Ирактын абактарында Кыргызстандын 41 жараны отурат

Учурда Ирактын түрмөлөрүндө Ирак Республикасынын сот органдары тарабынан “Ирактын аймагында террордук ишмердүүлүккө катышкан” деген айып менен соттолгон Кыргызстандын 41 жараны кармалып турат.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2023-жылдын 28-февралында Ирактын түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн Кыргызстандын эки жараны Ирак Республикасынан алып келинген.

2021-жылдын март айында Кыргызстандык балдарды Ирактан кайтаруу боюнча биринчи “Мээрим” атайын операциясы жүргүзүлүп, 79 бала мекенине кайтарылган.

Анда 79 баланын 50ү мектеп жашында, 17си бала бакча жашында, 12си 2-3 жаштагылар болгон. Алар адистердин катышуусу менен эки айлык реабилитациядан кийин Кара-Балта шаарына, Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Ош шаарына жакындарынын колунда тарбияланууга өткөрүлүп берилген.

Ушул жылдын 16-февралында “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстанга Сириядан 18 аял жана 41 бала алып келинген. Алар Ысык-Көлдөгү «Алтын Балалык» балдардын ден соолукту чыңдоо комплексине жайгаштырылган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *