Ирандагы биринчи учкуч аял жалаң аялдардан турган учакты башкарды

Ирандын Мешхед шаарындагы Шахид Хашеминежад аэропортуна экипажы толугу менен аялдардан турган Aseman Airlines авиакомпаниясынын учагы конду.

Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, учакта бир дагы эркек киши жок болгон, бортто 110 аял жүргүнчү болгон. Учакты Ирандагы биринчи учкуч аял  Шахрзад Шамс башкарган.

Рейс «Иран Бану» (Иран айым) деген өзгөчө аталышты алган. Белгиленгендей, каттам “Энелер күнүнө” карата аткарылган.

Хорасан Разави аэропортунун коомчулук менен байланыш директору Хасан Жафари Мешхедге конгон учакта аялдардан гана турган учур буга чейин болгон эместигин белгиледи.

Иранда Энелер күнү Мухаммед пайгамбардын кызы Фатима Захранын туулган күнүндө Жума аль-Ахир айынын жыйырманчы күнү белгиленет. Бул күнү ирандыктар аялдарга арналган эки майрамды – Энелер күнүн жана Аялдар күнүн белгилешет. Бул дата ислам дүйнөсүндө идеалдуу эне жана бардык мусулман аялдар үчүн үлгү катары саналган Фатиманын урматына тандалган. Быйыл бул күн 21-декабрга туш келди.