Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Ислам революциясынын жеңишинин 46 жылдыгына арналган “Элчилерге салам” салтанатында Ирандагы элчилерди жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алды.
Иш-чарада Тышкы иштер министри Аббас Аракчинин куттуктоо сөзүнөн кийин президент сөз сүйлөдү, андан кийин элчилер жана эл аралык туруктуу уюмдардын өкүлдөрү жеке Ирандын президентин жана элин Ислам революциясынын жеңишинин 46 жылдыгы менен куттукташты.
Белгилей кетсек, Иранда Ислам революциясынын жеңишинин 46 жылдыгы белгиленип жатат.
Мындан 46 жыл мурда, тагыраагы 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.