Ирандагы “Моссаддын” башкы агенти болгон Бахман Чубин Аслы ким эле?

Ирандын сот бийлиги өлкөдөгү Израилдин атайын кызматтарынын («Моссаддын») эң таасирдүү агенттеринин бири деп эсептелген Бахман Чубин Аслынын өлүм жазасын аткарганын жарыялады.

Ал дүйшөмбү күнү «улуттук мааниге ээ маалымат базалары боюнча “Моссад” менен активдүү жана атайылап кызматташканы» үчүн берилген өкүмдү Жогорку сот күчүндө калтыргандан кийин өкүм аткарылган.

Чубин Аслы кесиби боюнча маалымат базалары боюнча адис болуп, телекоммуникациялык долбоорлорго адистешкен компанияда жетекчилик кызматка жеткен. Анын тажрыйбасына байланыштуу өкмөттүк жана стратегиялык мааниге ээ маалымат системаларына кирүү мүмкүнчүлүгү болгон. Дал ошол мүмкүнчүлүктү «Моссад» пайдаланууга аракеттенген.

Сот документтерине ылайык, «Моссад» аны биринчи жолу Перс булуңундагы өлкөлөрдүн биринде атайын курстардан өтүп жаткан учурда аныктаган. ESMI аттуу жасалма компаниянын атынан иш алып барган «Моссад» кызматкери аны менен байланыш түзүп, кийинки жолугушууларды уюштурган.

Ага иш ноутбугун алып, адегенде Арменияга, кийин Индияга чыгуу тапшырылган. «Моссад» өкүлдөрү өздөрүн жетекчи катары көрсөтүп, анын бардык чыгымдарын төлөп беришкен, акчалай сыйлыктарды убада кылышкан жана квалификациясын жогорулатуу үчүн техникалык курстарга жаздырышкан.

Андан кийин ал Ирландияда 45 күндүк интенсивдүү даярдык курсунан өткөн. Перс тилинде сүйлөгөн куратор ага Ирандын инфраструктуралык долбоорлору тууралуу айтып берип, чалгынчылык тапшырмаларды берген.

Соттун жыйынтыктары боюнча, «Моссаддын» негизги максаты – Ирандын маалыматтарды иштетүү борборлоруна кирүү жана өкмөттүк маалыматтарды алуу болгон. Кошумча тапшырмалардын арасында электрондук жабдууларды импорттоо маршруттарын көзөмөлдөө да бар эле. Бул үчүн «Моссад» агенттери анын жетекчисин Израил менен байланышкан жеткирүүчүлөрдөн жабдууларды сатып алууга ынандырган. Бул — инфраструктураны саботаж кылуу үчүн атайын жабдууларды киргизүү ыкмасы болгон жана мурда Ирандын ядролук программасына каршы колдонулган.

Сотто көрсөтүлгөн далилдерге ылайык, Чубин Аслы «Моссад» менен атайылап кызматташып, 9 жолу чет өлкөгө чыккан сапарында 63 документтештирилген жолугушууга катышкан. Ал агенттер менен БАЭде, Арменияда, Индияда, Таиландда, Вьетнамда, Ирландияда жана Болгарияда жолугуп, чалгын жабдууларын, акчалай стимулдарды жана операциялык көрсөтмөлөрдү алган.

Ага шпионаж, душман мамлекеттен акча алуу жана Израилдин атайын кызматына жашыруун маалыматтарды берүү айыптары коюлган.

Чубин Аслынын жазасы Иранда «Моссадга» каршы кеңири масштабдуу контрчалгындоо кампаниясынын жүрүшүндө аткарылды. Июнда коопсуздук органдары сионисттик режим менен байланышкан 700дөн ашуун агентти камакка алышкан, акыркы айларда болсо Тегеран жана башка шаарларда «Моссад» көзөмөлдөгөн жашыруун дрон өндүрүү борборлору жок кылынган.