Ирандагы президенттик шайлоодо Масуд Пезешкиан жеңишке жетти

Ирандагы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда реформачыл канаттын талапкери, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Масуд Пезешкиан жеңишке жетти.

Бул тууралуу Ислам республикасынын шайлоо штабынын расмий өкүлү Мохсен Эслами IRIB телеканалында билдирди.

Анын айтымында, жалпы 30,530 миллион бюллетенди санап чыгуунун жыйынтыгы боюнча, Пезешкян 16,384 миллион добуш, б.а. жалпы добуштун кеминде 53,6%ын алды.

 

1 of 7

-+

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү, консерватор Саид Жалили 13,538 миллион (44,3%) добуш алды.

Расмий маалымат боюнча, добуш берүүгө шайлоочулардын 49,8%ы катышты.

Эсламинин айтымында, добуш берүүнүн экинчи туруна 30,530 миллион шайлоочу катышты, ал эми Иранда 61 миллионго жакын адам добуш берүүгө укуктуу.

Президенттик шайлоонун биринчи туруна добуш берүүгө шайлоочулардын 40%га жакыны гана катышкан.

Иранда президенттик шайлоо өлкөнүн аткаруу бийлигинин башчысынын авиакырсыкта каза болгондугуна байланыштуу өткөрүлдү.

Ислам Республикасын 2021-жылдан бери башкарган президенти Ибрахим Раиси 19-майда Чыгыш Азербайжан провинциясында тик учак кырсыгынан каза болгон. Аны менен кошо дагы жети киши, анын ичинде тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан болгон. Аман калгандар болгон эмес.

Биринчи турдун жыйынтыгы

28-июнда өткөн шайлоонун биринчи турунда президенттик жарышка катышкан талапкерлердин бири да 50%дан ашык добуш ала албагандыктан, жеңүүчү аныкталган эмес.

Ага Пезешкян менен Жалилиден тышкары президенттикке дагы эки талапкер: парламенттин спикери Мохаммад Багер Галибаф жана Ички иштер жана Юстиция министрлигинин мурдагы башчысы Мостафа Поурмохаммади катышкан.

Анын жыйынтыгы боюнча Пезешкян менен Жалили көбүрөөк добуш алуу менен экинчи турга өткөн.

24,5 миллион бюллетенди иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча:

  • Масуд Пезешкиян: 10 415 191 добуш (42,45%);
  • Саид Жалили: 9 473 298 добуш (38,61%);
  • Мохаммад Бакер Галибаф: 3 383 340 добуш (13,79%);
  • Мостафа Пурмохаммади: 206 397 добуш алган (0,08%);
  • Жараксыз бюллетендер: 1 056 959 (4,3 %) болгон.

Тогузунчу президент

Масуд Пезешкян 1954-жылы Ирандын Батыш Азербайжан провинциясынын Мехабад шаарында төрөлгөн.

Ал Иран медициналык илимдер университетин “кардиохирургия” адистигин бүтүргөн. Иран-Ирак согушу учурунда ал аскер дарыгери болуп иштеген. 1994-1999-жылдары Табриз медициналык илимдер университетин жетектеп, 2001-2005-жылдары Мохаммад Хатаминин өкмөтүндө саламаттыкты сактоо министри болуп иштеген. 2016-2020-жылдары биринчи вице-спикер болуп иштеген.

Пезешкян президенттик шайлоого катышуу үчүн эки жолу документтерин тапшырган. 2013-жылы ал Али Акбар Хашеми Рафсанжанинин пайдасына талапкерлигин алып салган. 2021-жылы Конституцияны сактоочулар кеңеши Пезешкяндын шайлоого катышуусуна уруксат берген эмес.

Ал Иранга каршы санкцияларды жеңүүнүн негизги жолдорунун бири – Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишимди АКШ жана башка батыш өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр аркылуу калыбына келтирүү деп эсептейт.

Комментарий жиберүү