Иран 24-майда расмий түрдө өлкөнүн биринчи аба таксисин ишке киргизип, улуттук авиацияны өнүктүрүүдө жаңы баракты ачты.
Бул тууралуу “IRNA” агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, салтанаттын жүрүшүндө Ирандын президенти Масуд Пезешкян видео кайрылуу жасаган.
Аба такси Ирандын Кередж жана Казвин шаарларын бириктирип, үзгүлтүксүз каттамдын башталышын билдирди.

1 of 7
-+

Паям атайын экономикалык аймактын жана эл аралык аэропорттун башкы директору Мохсен Хасанлу бул иш-чаранын өлкөнүн авиация тармагы үчүн маанисин баса белгиледи.
“Аба таксисинин ишке кириши өлкө үчүн маанилүү жетишкендик”, – деди Паям эл аралык аэропортунун башкы директору Мохсен Хасанлоу.
Тема боюнча

Хасанлоунун айтымында, транспорттун жаңы түрү Паям атайын экономикалык аймагына жаңы инвестицияларды тартууга, улуттук экономиканы стимулдаштыруу жана Альборз провинциясын өнүктүрүүгө жардам берет.
Мындан тышкары, калктын авиациялык кызматтарды кеңири колдонуусуна ыңгайлуу шарттарды түзөт, ал эми инвесторлорго жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Ирандын биринчи аба таксисинин ишке кириши өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын жаңыртуу жана авиациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча маанилүү кадам катары каралууда.