Ирандын парламенти (межлис) тарабынан биринчи жолу Жол жана шаар куруу министри болуп аял бекитилди.
Фарзане Садег өлкө тарыхында бул кызматка келген биринчи аял министр болуп калды.
Ал кызматка парламентте жалпы 288 добуштун 231не ээ болуп бекитилди.
47 жаштагы Фарзане Садег буга чейин 13-өкмөттө шаар куруу жана архитектура боюнча кеңешчи болуп иштеген.
Ал Иран Ислам Республикасынын тарыхында министр болуп шайланган жана министрликти жетектеген экинчи аял болду.
Буга чейин Марзие Вахид Дастджерди министрлик кызматта иштеген жалгыз аял болгон. Ал мурдагы президент Махмуд Ахмединежаддын тушунда Саламаттык сактоо жана медициналык билим берүүнү министри болгон.
Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкян сунуштаган тизмедеги бардык министрлердин талапкерлиги 21-августта Ислам республикасынын парламенти (мажлиси) тарабынан бекитилген.
Пезешкян парламентке 19 талапкердин тизмесин 11-августта тапшырган. Межлис бардык талапкерлерди жактырды.
Бекитилген министрлердин тизмеси жана аларга берилген добуштардын саны:
- Алиреза Каземи – Билим берүү министри: 268 добуш;
- Саттар Хашеми – Байланыш жана IT министри: 264 добуш;
- Исмаил Хатиб – чалгындоо министри: 261 добуш;
- Абдол Насер Хаммати — экономика жана финансы министри: 192 добуш;
- Аббас Аракчи – тышкы иштер министри: 247 добуш;
- Мохаммадреза Зафарканди – саламаттыкты сактоо министри: 163 добуш;
- Ахмед Мидари — эмгек жана социалдык камсыздоо министри: 191 добуш;
- Голамреза Нури Казалже – Айыл чарба жихад министри: 253 добуш;
- Амин Хоссейн Рахими – юстиция министри: 268 добуш;
- Амир Азиз Насирзаде – коргоо министри: 281 добуш;
- Фарзане Садег Малвахард – жол жана шаар куруу министри: 231 добуш;
- Мохаммад Атабак – өнөр жай министри: 231 добуш;
- Хоссейн Симаи Сараф – Илим, изилдөө жана технология министри: 221 добуш;
- Аббас Салехи – Маданият жана ислам багыты министри: 272 добуш;
- Искандар Момени – ички иштер министри: 259 добуш;
- Реза Салехи Амири – Маданий мурас, туризм жана кол өнөрчүлүк министри: 168 добуш;
- Мохсен Пакнежад — мунай министри: 222 добуш;
- Аббас Алиабади – энергетика министри: 255 добуш;
- Ахмад Доньямали – спорт жана жаштар министри: 253 добуш .