Иранда Ислам республикасынын негиздөөчүсү Хомейнини эскерип жатышат. Сүрөт

Бүгүн, 3-июнь Иран боюнча Ислам республикасынын негиздөөчүсү Имам Рухулла Хомейнинин дүйнөдөн кайткандыгынын 35 жылдыгы белгиленип жатат.

Жыл сайын бул күнү өлкөнүн бардык аймагында ислам революциясынын шыктандыруучусунун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык конференциялар, семинарлар жана форумдар өткөрүлөт.

Хомейнинин мавзолейинде жекшемби күнү өткөн эскерүү иш-чарасына жогорку даражалуу адамдар, анын ичинде өлкөнүн убактылуу президенти Мохаммад Мохбер катышты. Бул күнгө карата Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи да сөз сүйлөйт.

 

1 of 6

-+

Ислам революциясынын лидери 1989-жылдын 3-июнунда дүйнөдөн кайткан.

Хомейни 1979-жылы 1-февралда Франциядан 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келип, 11-февралда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлуп, Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.

Ал өз өмүрүн Иран өлкөсүнүн саясий, экономикалык, коомдук жана маданий турмушунун оңолушуна арнап, мамлекетинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн алгылыктуу иштерди жасаган.

Ислам революциясынын жеңиши менен Иран Ислам Республикасы душмандардын бут тосууларына карабай экономикалык жана илимий-техникалык жаатта өсүп-өнүгүп, кыйла жетишкендиктерге жетип, дүйнөдөгү эң бийик деңгээлге жете алды.

Ислам ыңкылабынан көп өтпөй башталган сегиз жылдык Иран-Ирак согушунда Хомейни кайрадан Ислам Республикасынын идеяларын жана негиздерин коргоонун шыктандыруучусу болуп калган.

Комментарий жиберүү