Иранда АКШ менен Израилдин чабуулдарында каза болгондордун саны 1045ке жетти.
Бул тууралуу Ирандын шейиттер жана ардагерлер фонду билдиргенин Tasnim News агенттиги кабарлады.
28-февраль таңга маал Израиль менен АКШ Иранга аба соккуларын баштаган. Буга жооп иретинде Иран Израилди жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларын аткылоодо.
АКШ жана Израилдин биргелешкен аскердик операциясынын натыйжасында Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи үй-бүлө мүчөлөрү менен каза болгон.
Мындан тышкары, Хормозгон провинциясынын Минаб шаарында кыздардын мектебине жасалган чабуулдан 165 мектеп окуучусунун өмүрү кыйылды. Алардын айрымдарынын сөөгү 3-мартта жерге берилди.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп, куралдуу кагылышуу башталгандан бери АКШ тараптан алты жоокер каза болгонун АКШнын Борбордук командачылыгы 3-мартта билдирди.
Пентагон курман болгон төрт аскердин аты-жөнүн жана сүрөттөрүн жарыялады. Ирандын Кувейттеги АКШнын базасына жасаган дрон чабуулунда капитан Коди Хорк, 1-класстагы сержант Ной Тидженс, 1-класстагы сержант Николь Амор жана сержант Деклан Коуди курман болгон. Төрт жоокер тең Айова штатынын Де-Мойн шаарында жайгашкан 103-коопсуздук командачылыгында кызмат өтөшкөн.
Ошол эле учурда Иран Ислам революциясынын гвардиячылары корпусунун басма сөз кызматы чалгындоо булактарынын жана талаа мониторингинин маалыматтарына таянып, Иран менен чыр-чатак башталгандан бери АКШ менен Израилдин 680ден ашык жоокери каза болгон же жаракат алганын ырастоодо.