Иранда президенттикке талапкерлердин дебаты өттү

18-июнда IRIB мамлекеттик телеканалында Ирандын президенттигине алты талапкердин дебаты болду.

Ага Ислам республикасынын аткаруу бийлигинин башчысы кызматына ат салыша турган бардык талапкерлер катышты: Иран парламентинин (Мажлис) спикери Мохаммад Багер Галибаф, Тегеран шаарынын мэри Алиреза Закани, Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили, Ички иштер жана юстиция министрликтеринин мурдагы башчысы Мостафа Поурмохаммади, вице-президент Амир Хоссейн Газизаде Хашеми жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри МасудПезешкян.

Биринчи дебат негизинен экономикага арналды. Талапкерлердин ар бири санкциялык кысымга каршы күрөшүү, инфляцияны жана жумушсуздукту азайтуу, экономикалык өсүштү жана айлык акыны жогорулатуу, чет элдик инвестицияны тартуу маселелери боюнча өз позицияларын билдиришти. Бир нече талапкерлер Иран АКШ менен Батыштын өлкөгө максималдуу кысым көрсөтүү саясатын жеңүү үчүн өз күчүнө таянышы керектигин белгилешти. Шайлоо жарышынын катышуучулары Батыштын санкцияларын жеңүүнү тышкы саясаттагы эң маанилүү милдет деп аташты.

Иранда мөөнөтүнөн мурда президентик шайлоо өлкөнүн маркум президенти Ибрахим Раисинин авиакырсыктан каза болушуна байланыштуу өткөрүлүүдө. Шайлоо 28-июнга белгиленген.

Президенттик жарышка катышуу үчүн документтерин тапшырган 80 адамдын ичинен Конституцияны сактоочулар кеңеши алты талапкерди гана тандап алган.

12-июнда башталган шайлоо өнөктүгү  27-июндун таңына чейин жүргүзүлөт. Шайлоого бир күн калганда “жымжырттык күнү” жарыяланып, үгүт иштерине тыюу салынат.

Ирандын конституциясына ылайык, президент түз жалпы шайлоо жолу менен төрт жылдык мөөнөткө шайланат жана катары менен эки мөөнөттөн ашык эмес шайланат. Талапкер 40 жаштан 75 жашка чейинки, теги ирандык жана мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматта иштеген Ирандын жараны боло алат.

Эске салсак, Иранды 2021-жылдан бери башкарып келген Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон. Раиси жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Аль-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү жана экипаж мүчөлөрү жалпысынан сегиз киши бараткан тик учак Азербайжан менен чек арадан кайтып келатып кыйраган. Андан аман калгандар жок экени 20-майда расмий тастыкталган.

Раисинин милдетин убактылуу аткаруу Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберге жүктөлгөн. Мохбер шайлоого катышууга өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн жок.

Комментарий жиберүү