Иранда президенттикке талапкерлердин баары өз добуштарын беришти

Иранда өтүп жаткан президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышууда. Талапкерлердин баары шайлоо участкаларына келип өз добуштарын беришти.

Алардын ичинен биринчи болуп Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф Тегерандын четиндеги Шах Абдул Азим мечитиндеги шайлоо участкасында добуш берди.

Андан кийин ички иштер жана юстиция министрликтеринин мурдагы башчысы Мостафа Поурмохаммади Тегерандагы “Хосейние Эршад” маданий жана диний борборунда добуш берди.

Ал эми үчүнчү болуп Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили Тегерандагы Имам Хасан мечитиндеги шайлоо участкасында жарандык милдетин аткарды.

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Масуд Пезешкян Тегерандын четиндеги Фирузабади медициналык комплексинде төртүнчү болуп добуш берди.

Буга чейин алты талапкер катталган эле. Бирок алардын экөө – вице-президент Амир Хоссейн Газизаде Хашеми жана Тегеран шаарынын мэри Алиреза Закани ушул аптада шайлоо жарышынан чыгып кеткен.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо бүгүн, 28-июнда таң эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө башталды. Ал 19-майда өлкөнүн президенти Ибрахим Раиси авиакырсыкта каза болгондугуна байланыштуу өткөрүлүүдө.

Алгачкылардан болуп Тегерандагы шайлоо участкасында Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи добуш берди.

Өлкөдө 61 миллион 452 миң 321 адам добуш берүү укугуна ээ.

Эске салсак, Иранды 2021-жылдын август айынан бери башкарып келген Ибрахим Раиси,  тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак быйыл 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учураган. Учакта аман калгандар болгон эмес.

Комментарий жиберүү