Иранда президенттик шайлоонун экинчи туру башталды

Бүгүн Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн уюштурулган шайлоо участкалары өз ишин баштады.

Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө ачылып, өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи биринчи болуп добуш берди.

Бюллетенди урнага салгандан кийин Хаменеи калкка кайрылып, экинчи турда активдүү добуш берүүгө чакырды.

Өлкө жарандары эки талапкердин бирине добуш берүү менен жаңы президентти тандашат.

Президенттик кызматка 69 жаштагы реформатор, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Масуд Пезешкян менен Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин 58 жаштагы өкүлү, консерватор Саид Жалили ат салышып жатат.

Ирандын 2021-жылдан бери башкарган маркум президент Ибрахим Раиси 19-майда Ирандын түндүк-батышында тик учак кырсыгынан каза болгон. Ага байланыштуу Ислам республикасында конституцияга ылайык, жаңы президенттик шайлоо өткөрүү жарыяланган.

Конституциянын 131-беренесине ылайык, өлкөнүн президенти каза болгондон 50 күн ичинде шайлоо өтүшү керек.

Иранда президенттик шайлоодо добуш берүүнүн биринчи айлампасы бир жума мурун, 28-июнда өткөн. Ал күнү шайлоочулардын 40%га жакыны гана катышкан. Анын жыйынтыгында Ирандын 482 аймагындагы 58 миңден ашуун шайлоо участкасында шайлоочулардын 24,5 миллион добушу саналган.

Президенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн талапкер 50%дан ашык добуш алышыв керек. Бирок биринчи турда эч бир талапкер керектүү добуш ала албагандыктан, 5-июлга экинчи тур дайындалып, биринчи турда эң көп добуш алган эки талапкер ат салышууда.

Иранда шайлоо участкалары адатта мечиттерде, орто жана жогорку окуу жайларында ачылат.

Шайлоонун биринчи турунда төрт саясатчы ат салышкан: реформатор Масуд Пезешкян 10,4 миллиондон ашык добуш алган, консерватор Саид Жалили 9,4 миллиондон ашык адам добуш алган, парламенттин спикери Мохаммад Багер Галибаф 3,3 миллиондон ашык добуш жана Мостафа Поурмохаммади 206 миңден ашык добуш топтогон.

Комментарий жиберүү