Иранда үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Иранда нааразылык акциялары учурунда каза болгондорго байланыштуу үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланды, деп билдирет IRIB мамлекеттик телеканалы.

“Иран өкмөтү бүгүн АКШга жана сионисттик режимге каршы улуттук каршылык көрсөтүү учурунда курман болгон шейиттерди эскерүү үчүн үч күндүк аза күтүү күнүн жарыялады”, – деп айтылат билдирүүдө.

Өлкөдөгү башаламандыктарда канча киши каза болгондугу расмий маалымдала элек.

Ирандагы башаламандыктар

Иранда декабрдын аягында жергиликтүү валютанын девальвациясынан жана анын дүң жана чекене бааларга тийгизген таасиринен улам нааразычылык башталган. Буга байланыштуу Борбордук банктын төрагасы Мохаммад Фарзин кызматтан кетип, ордуна Абдолнассер Хеммати келген.

8-январдан бери Ирандын тактан кулатылган шахтын уулу Реза Пахлавинин чакырыгынан кийин өлкө боюнча нааразычылык жүрүштөрү күчөп, жеке менчикке жана шаардык инфраструктурага зыян келтирилген. Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи нааразычылык акциясынын катышуучуларын өздөрүнүн мүлкүн талкалаган вандалдар деп атаган.

Ишемби күнү Пехлеви ирандыктарды жалпы иш таштоого чакырып, нааразычылык акцияларынын максатын стратегиялык маанилүү көчөлөрдү жана объектилерди басып алуу жана кармап турууга даярдык катары атаган. Ал буга чейин АКШнын президенти Дональд Трампты кийлигишүүгө чакырган.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жекшемби күнкү элге кайрылуусунда нааразычылык акциясынын катышуучуларына экономикалык реформаларды жана көйгөйлөрүн чечүүнү улантууга убада берип, АКШ менен Израилди башаламандыктарды уюштурган деп айыптады. Ал элге кайрылып, радикалдардын нааразычылык акциясынын талаптарын бурмалашына жол бербөө үчүн жарандарды көчөгө чыгууга чакырган.

Бүгүн, 12-январь Иран боюнча бийликти колдогон, башаламандыктарды айыптаган масселык жүрүштөр өтөт.