Ирандын абадан коргонуу күчтөрү  израилдик Hermes дронун атып түшүрдү

Ирандын абадан коргонуу системасы өлкөнүн батыш тарабында израилдик Hermes үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрдү. Бул тууралуу Tasnim агенттиги кабарлады.

«Hermes дрону Лурестан провинциясында абадан коргонуу каражаттары тарабынан жок кылынды», — деп агенттик аскер булактарына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, израилдик дрон провинциянын административдик борбору болгон Хорремабад шаарынын аймагында атып түшүрүлгөн.

Иран ЖМКларынын жазышынча, душмандын атып түшүрүлгөн учкучсуз аппараттарынын саны жыйырмадан ашты.