Ирандын бизнес коомчулугуна Кыргызстандын 50дөн ашуун инвестициялык долбоорлору көрсөтүлдү

Кыргызстандын Ирандагы элчилиги Ирандын Альборз провинциясынын Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте “Кыргызстандын экономикасынын күнү: соода-экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр” аттуу иш-чарасын өткөрдү.

Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чара 10-февралда Караж шаарында уюштурулду. Ага Кыргызстандын Ирандагы элчиси  Турдакун Сыдыков, Ирандын Альборз провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Пархам Резаи, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана кыргызстандык компаниялар менен кызматташууга кызыкдар ирандык ишкерлер катышты.

Анын жүрүшүндө элчи Турдакун Сыдыков Ирандын Альборз провинциясынын бизнес коомчулугуна Кыргызстандын инвестициялык климаты, инвесторлорду коргоо механизмдери тууралуу маалымат берип, гидроэнергетика, айыл чарба, өнөр жай, инфраструктура жана туризм тармагындагы 50дөн ашык келечектүү инвестициялык долбоорлордун презентациясын жасады.

Сыдыков ирандык ишкерлерди Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө багытталган инфраструктуралык социалдык-экономикалык долбоорлорго инвестиция салууга чакырып, иш-чаранын катышуучуларынын көнүлүн ЕАЭБ, КМШ, ЕБ (ВСП+ статусунун чегинде) жана Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) рыногунда даяр продукцияны реализациялоо максатында Кыргызстандын аймагында биргелешкен өнөр жай ишканаларын түзүүнүн перспективаларына бурду.  

“Ирандын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүн Кыргызстандын компания ачуу тартиби, салык, валюталык режимдери жана эркин экономикалык аймактардын ишмердүүлүгү боюнча либералдык мыйзамдары кызыктырды”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын элчилиги тарабынан басма материалдар таркатылып, Кыргызстандын  инвестициялык жана туристтик потенциалы тууралуу видеороликтер көрсөтүлгөн.

Иш-чара Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *