Израиль Сирия Араб Республикасынын экс-президенти Башар Асаддын өкмөтү кулатылгандан кийин Сириянын суверенитетине каршы агрессиясы үчүн чоң бааны төлөйт.
Бул тууралуу Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы Хоссейн Салами билдирди.
“Сионисттер Сирияга басып киргени үчүн чоң бааны төлөшөт, алардын сөөгү ушул жерге коюлат. Бирок бул убакытты талап кылат”, – деди Салами.
Ал белгилегендей, Иран Сириянын аймагында турганда, Тегеран эч качан Араб республикасынын бир бөлүгүн басып алууга же өзүнө кошуп алууга умтулган эмес, бир гана сириялыктардын улуттук кадыр-баркын сактоого жардам берүүгө аракет кылган.
8-декабрга караган түнү өкмөткө каршы сириялык козголоңчулар Башар Асаддын режими кулаганын жарыялашты. Баш калаа Дамаск козголоңчулардын чабуулунан эки жума өтпөй эле алардын колуна өттү. Башар Асад учак менен Москвага чыгып кетти, өлкөнүн премьер-министри Мухаммед Гази аль-Джаляли бийликти өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Премьер-министр ошондой эле “Хаят Тахрир аш-Шамдын” жетекчилиги менен байланыш түзгөнүн айтты.
Кийинчерээк Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Асад президенттик кызматтан кетип, өлкөдөн чыгып кеткенин, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү боюнча көрсөтмө бергенин ырастады.
Азыркы тапта Сириянын убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлүп, өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп Мухаммед аль-Башир дайындалды. Аль-Башир убактылуу өкмөт конституциялык маселелер чечилгенге чейин 2025-жылдын мартына чейин иштейт.
Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин 8-декабрда Израилдин аскерлери Голан дөңсөөсүнөн өтүп, Сириянын аймагына кирип барган. Алар ушул тапта Хермон тоосунун Сирия тарабын да көзөмөлдөп турушат.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 1973-жылкы согуштан кийинки Голан дөңсөөсүндөгү күчтөрдү ажыратуу боюнча макулдашуу сириялык аскерлер позициясын таштап кеткенден кийин күчүн жоготкондугун айткан. Мындан улам ЦАХАЛга экиге бөлүп турган аймакты жана армия көзөмөл кылып келген позицияны ээлегенге буйрук берилген.
Израилдин аба күчтөрү Сириядагы аскердик буталарга чабуулун улантууда. 10-декабрда Израилдин коргоо министри Исраэл Кац анын өлкөсүнүн Аскер-деңиз күчтөрү Араб Республикасынын аскердик флотун дээрлик жок кылганын билдирди.
Голан дөңсөөлөрү 1967-жылга чейин Сирияга таандык болчу. Элүү эки жыл мурдагы “Алты күндүк согуштан” кийин Израиль бул аймакка көзөмөлүн орноткон. 1981-жылы Тель-Авивде Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп тааныган мыйзам колдоо тапкан. Бирок БУУ бул чечимди четке кагып, бир нече жолу Израилди Голан аймагын Сирияга кайтарып берүүгө чакырган.
1974-жылы ал жакта 400 чакырымдык буфердик аймак түзүлүп, Бириккен Улуттар Уюмунун күчтөрү көзөмөлдөп келген.