Иран Ислам Республикасынын АКШ жана Израиль менен 40 күндүк каршылыгын геосаясий көз караштан алганда дүйнөлүк бийликтин калыптанып калган түзүмүндөгү олуттуу бурулуш катары кароого болот.
Азыр болуп жаткан окуялар жөн гана аскердик кагылышуулар же күч көрсөтүү эмес, бул гегемония менен баш ийбеген суверенитеттин ортосундагы терең символикалык каршылык. Ал технологиялык үстөмдүк жана күч аркылуу дипломатия жүргүзүү тууралуу калыптанган түшүнүктөрдү кайра карап чыгууга мажбур кылды.
1979-жылдагы Ислам революциясынан бери Иран заманбап тарыхтагы эң кеңири санкциялар жана эмбарголор режиминин алдында жашап келет. Бул чаралар өлкөнүн экономикасын басаңдатууга, институттарын алсыратууга жана акырында саясий багынууга мажбурлоого багытталган.
Бирок парадоксалдуу түрдө, бул басым тескерисинче стратегиялык өз алдынчалык доктринасынын калыптанышына алып келип, күчтүү улуттук потенциалга айланды. Классикалык стратегиялык теорияда узакка созулган тышкы басым көбүнчө көз карандылыкка алып келет, бирок Иран мисалында ал көз карандысыздыкты күчөткөн.
Бул өз алдынчалуулуктун эң ачык көрүнүшү — Ирандын аскердик комплекси. Батыш курал рыногуна жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Иран ракеталык технологиялар, учкучсуз аппараттар жана асимметриялык согуш жүргүзүү доктринасы боюнча өнүккөн системаны түздү.
Бир кезде примитивдүү деп эсептелген баллистикалык ракета программасы азыр көп катмарлуу коргонуу системаларын айланып өтө алган ишенимдүү тоскоолдук күчүнө айланды. Бул өзгөрүү аймактык коркунучтар тууралуу түшүнүктү гана өзгөртпөстөн, санкциялардын натыйжалуулугун да кайра карап чыгууга түрткү берди.
Ирандын туруктуулугунун негизинде идеологиялык фактор да чоң роль ойнойт. Ислам революциясынын маркум лидери каршылыкты жөн гана тактикалык зарылдык эмес, цивилизациялык милдет катары караган. Бул парадигмада тышкы күчтөр менен тирешүү геосаясий гана эмес, экзистенциалдык мүнөзгө ээ.
Ошондуктан жетекчилик түзүмдөрүнө сокку уруу же системаны туруксуздаштыруу аракеттери тескери натыйжа берет — коомдун биригишине, мобилизацияга жана чечкиндүүлүктүн күчөшүнө алып келет.
Аймактык деңгээлде Ирандын стратегиялык таасири анын аймактык чек араларынан алда канча кеңири. Өзүнө байланышкан оюнчулар жана идеологиялык союздаштар аркылуу ал көп деңгээлдүү тоскоолдук системасын түзгөн, бул түздөн-түз аскердик кийлигишүүнү кыйла татаалдаштырат.
Мындай бөлүштүрүлгөн таасир модели Иранга жасалган басым бүткүл аймакка таасир этерин билдирет, бул анын каршылаштары үчүн конфликттин баасын жогорулатат.
Ирандын стратегиялык абалындагы эң маанилүү факторлордун бири — Ормуз кысыгына жакындыгы жана аны көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү. Бул тар деңиз жолу аркылуу дүйнөлүк мунай жеткирүүлөрүнүн олуттуу бөлүгү өтөт жана глобалдык экономика үчүн өтө маанилүү “түйүн” болуп саналат.
Бул жолдун ишинин бузулушу тарыхта энергетикалык рыноктордо туруксуздук жаратып, дүйнөдө кооптонууну күчөткөн. Ошондуктан Иран катышкан ар кандай чыңалуу региондук чектен чыгып, эл аралык экономикалык коопсуздук маселесине айланат.
Мындай шартта асимметриялык согуштарда алдын ала божомолдоонун жоголушу өзүнчө чоң көйгөйгө айланууда. Катуу санкциялар алдында турган мамлекет күчтүүрөөк атаандаштарына олуттуу чыгым келтире алса, бул салттуу “кармоо” (сдерживание) логикасын шекке салат.
Ошол эле учурда, ок атышпоонун жарыяланышы маанилүү нерсени көрсөтөт — тараптардын өз ара алсыздыгын түшүнүүсүн. Айрыкча деңиз жолдору сыяктуу маанилүү экономикалык каналдардын туруктуулугун сактоо — бул жөн гана чыңалууну азайтуу эмес, көзөмөлсүз конфликт чоң системалык тобокелчиликтерге алып келерин моюнга алуу болуп саналат.
Жыйынтыктап айтканда, Ирандын тажрыйбасы стратегиялык туруктуулуктун мисалы болуп саналат. Ал туруктуу басым белгилүү шарттарда инновацияны, биримдикти жана геосаясий активдүүлүктү күчөтө аларын көрсөтөт.
Муну “керемет” деп аташабы же адаптациянын табигый жыйынтыгы дешеби — кандай болгон күндө да, Иран күчтөрдүн салттуу иерархиясын өзгөртүп, дүйнөнү жаңы парадигма менен эсептешүүгө мажбур кылды. Бул парадигмада таасир күчү менен эмес, туруктуулук менен аныкталат.
Абдуллахи Данлади — Нигериядагы Ислам кыймылынын мүчөсү.