Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи АКШнын бир катар штаттары менен шаарларында президент Дональд Трампка каршы өткөн жети миллиондук массалык нааразылык акциялары тууралуу комментарий берди.
«Эгер ушунчалык эле жөндөмдүү болсоңор, анда калп таратуу, башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүү жана чет өлкөлөрдө аскердик базаларды куруу сыяктуу аракеттердин ордуна ошол миллиондогон адамдарды тынчтандырып, үйлөрүнө кайтарып көргүлө», – деп билдирди Хаменеи.
Хаменеи бул сөздөрүн ар түрдүү спорт түрлөрүнүн чемпиондору жана дүйнөлүк илимий олимпиадалардын медаль ээлери болгон жаштар менен жолугушуу учурунда айтты.
Тема боюнча

АКШ Россиянын тоңдурулган активдерин Украинаны колдоо үчүн колдонууда баш тартты
Ал өз сөзүндө АКШ президентинин жакында айткан чагымчыл жана адепсиз билдирүүлөрүнө токтолду.
«Бул адам өзүнүн күлкү жараткан жүрүм-туруму жана аймак, Иран жана иран эли тууралуу айткан көптөгөн жалган сөздөрү аркылуу сионисттерге дем берип, өзүн күчтүү көрсөтүүгө аракет кылды. Бирок ал чын эле күчтүү болсо, анда АКШнын бардык штаттарында ага каршы ураан чакырып жаткан миллиондогон адамдарды барып тынчтандырып көрсүн», — деди аятолла.
Иран лидери Трамптын жакында басып алынган палестин аймактарына болгон сапарына жана анын ал жерде жасаган куру билдирүүлөрүнө токтолуп, алар үмүтүн жоготкон сионисттерди жубатуу максатында жасалган деп билдирди.
«Ислам Республикасы 12 күндүк согуш маалында сионисттик режимге катуу сокку урду. Бул алардын үмүтүн талкалады», — деди Хаменеи.
Анын айтымында, израилдиктер Ирандын ракеталары алардын маанилүү жана стратегиялык борборлоруна чейин жетип, аларды талкалап, күлгө айлантарын күтүшкөн эмес.
Ал бул ракеталар сатып алынган же ижарага алынган эместигин, алар ирандык жаштардын эмгеги экенин баса белгиледи.
Хаменеи АКШ Газадагы согушта сионисттик режимдин кылмыштарында башкы өнөктөш болуп саналарын айтты.
“АКШ президенти өзү да бул режим менен “чогуу иштешкенин” ачык айтты. Бирок бул ансыз да белгилүү болчу, анткени Газадагы бейкүнөө элдин башына түшкөн курал-жарактардын баары Америкага таандык”, – деди ал.
АКШдагы No Kings нааразылык акциялары
No Kings нааразылык акциялары өткөн ишембиде т.а. 18-октябрда өттү. The Hill басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын бардык 50 штатында жалпы 2600гө жакын демонстрация болгон. Уюштуруучулардын айтымында, митингдерге кеминде 7 миллион адам катышкан. Бул акциялар 1-октябрдан бери улантылып жаткан өкмөттүн ишинин токтоп турушунун (шатдаун) фонунда өтүп, миграциялык саясатка каршы нааразылыктарды да камтыган.
Катышуучулар улуттук желектер менен “Падыша деген болбосун”, “АКШны миллиардерлер өлтүрүп жатат”, “Монархия эмес, демократия”, “Фашизмге каршы тургула”, “Наразычылыктан өткөн патриоттук эч нерсе жок” деген плакаттарды кармап чыгышты.
Бир нече штаттарда тартипти сактоо үчүн Улуттук гвардия мобилизацияланган, бирок нааразылык акциясы тынч өттү.
Трамп No Kings өкмөткө каршы нааразылык акцияларынын артында венгриялык-америкалык финансист Жорж Сорос жана башка солчул радикал “жиндилер” турушу мүмкүн экенин билдирди.