Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Орозо айт намазында сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти Дональд Трамптын Ирандын дарегине айткан акыркы коркутууларына жооп берди.
“Эгер душмандар Иранга каршы жамандык жасаса, алар сөзсүз түрдө катаал жооп алышат. Эгер алар өлкөнүн ичинде баш аламандык жаратууга аракет кылышса, иран эли өзү аларга татыктуу жооп кайтарат”, – деди Хаменеи.
30-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп NBC News телеканалына берген маегинде эгерде АКШ менен Иран келишим түзө албаса, Иран болуп көрбөгөндөй бомбалоого туш болорун айтып коркуткан.
Ирандын лидери ошондой эле сионисттик режимди кылмыштуу топ деп атап, ал Палестинадан жана аймактан жок кылынышы керектигин жана ал Жараткандын күчү менен жок кылынарын белгиледи.
Хаменеи Батыштын саясий билдирүүлөрүндө аймактагы каршылык көрсөтүү күчтөрү прокси-күчтөр деп айтылып, айыпталып келерин, бирок бул аймакта бир гана прокси-күч бар экенин, ал коррупционер узурпациялоочу сионисттик режим экенин кошумчалады.
Трамптын коркутууларына Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи да комментарий берди.
Анын айтымында, Трамптын сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, Иранды бомбалайбыз деген коркутуулары тынчтыктын жана коопсуздуктун маңызына каршы келет жана Вашингтон бул жолду тандаса, анын кесепеттери болот.
Эске салсак, март айынын башында АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жогорку лидери Али Хаменеиге кат жөнөткөнүн, анда ал өзөктүк программа боюнча Тегеран менен келишим түзүүнү артык көрөрүн белгилеген.
27-мартта Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран Трамптын жазган катына расмий жоопту Оман аркылуу жөнөткөнүн билдирген. Министрдин айтымында, жоопто эки документ бар. Биринчисинде Тегерандын дүйнөдөгү азыркы кырдаалга көз карашы белгиленсе, экинчисинде Трамптын катында камтылган тезистерге толук комментарий берилген.
30-мартта Ирандын президенти Масуд Пезешкян Тегеран Трампка жазган жооп катында Вашингтон менен өзөктүк программа маселеси боюнча түз сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын, бирок ортомчулар аркылуу кыйыр диалогду улантуу дагы деле мүмкүн экенин билдирген.