Ирандын жогорку лидери АКШ менен кызматташууну баштоонун негизги шарттарын атады

Иран АКШнын кызматташуу боюнча сунуштарын Израилди колдоону жана Жакынкы Чыгыштын ички ишине кийлигишүүнү толук токтоткондо гана карайт.

Бул тууралуу Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Тегеранда студенттер менен жолугушуу маалында билдирди.

“АКШнын Ислам Республикасы менен кызматташуу тууралуу өтүнүчү Иран тарабынан жакын арада эмес, качандыр бир келечекте гана каралат. Бирок бул Вашингтон Израилди колдоону толук токтотуп, Жакынкы Чыгыштагы аскерий базаларын жыйнап, бул аймактагы мамлекеттердин ички ишине кийлигишүүнү биротоло токтоткондо гана мүмкүн болот”, – деди Хаменеи.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Al Jazeera телеканалына берген маегинде, Тегеран атомдук маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону АКШ чынчыл жана ачык диалогго даяр болгондо гана карай турганын билдирген.

АКШ менен Ирандын Оман ортомчулугу аркылуу жүрүп жаткан кыйыр сүйлөшүүлөрү июнь айында, Израилдин, андан кийин АКШнын Иран аймагындагы объектилерге сокку уруусунан кийин үзгүлтүккө учураган.

13-июнга караган түнү Израил Иранга каршы аскердик операция баштаган. Израилдин Ирандын өзөктүк, аскердик жана жарандык объекттерине жасаган аба соккуларында 1000ден ашуун адам, алардын ичинде жогорку аскер жетекчилери, өзөктүк илимпоздор жана жай тургундар (аялдар жана балдар) каза болушкан.

Бир суткага жетпей Ислам Республикасы жооп чабуулун жасай баштаган. Америка Кошмо Штаттары жаңжалга тогуз күндөн кийин кошулуп, Ирандын Фордо, Натанз жана Исфахандагы өзөктүк объектилерине сокку урган. 23-июнь күнү кечинде Иран жооп ирээтинде Американын Жакынкы Чыгыштагы эң ири авиабазасы Катардагы Аль-Удейд авиабазасына чабуул койгон. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышпоо жарыялоого макул болгонун жарыялап, ал 24-июндан тарта күчүнө кирген.