Ирандын жогорку лидери: Арабызда Иса пайгамбар болгондо глобалдык эзүүгө каршы күрөшмөк

Иран Ислам революциясынын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өзүнүн X социалдык тармагында Иса пайгамбардын туулган күнүнө карата кайрылуу жасады.

IRNA маалымат агенттиги кабарлагандай, Хаменеи эгер  азыр Иса пайгамбар арабызда бар болгондо, глобалдык эзүү жана текебердиктин лидерлерине каршы чыгуудан тартынмак эместигин баса белгиледи.

Анын айтымында, Иса пайгамбар гегемондук державалардын аракеттеринен келип чыккан ачарчылык, адамдардын жер которуусу жана зордук-зомбулук сыяктуу дүйнөдөгү адилетсиздиктерге чыдамак эмес.

Хаменеи өз кайрылуусунда согуштун, коррупциянын жана зордук-зомбулуктун жайылышына жооптуу лидерлерди айыптады.

Ал социалдык теңсиздик жана зордук-зомбулук сыяктуу дүйнөнүн учурдагы көйгөйлөрү чечкиндүү аракеттерди талап кылаарын, муна Иса пайгамбар өзүнүн моралдык позициясы менен сөзсүз колдомок экенин баса белгиледи.

Аятолланын билдирүүсү адилеттүүлүк үчүн күрөштө дүйнөлүк тилектештикке чакырык болуп саналат.

Хаменеи Иса пайгамбар үгүттөгөн ырайымдуулук, туруктуулук жана эзилгендердин укуктары үчүн күрөшүү сыяктуу баалуулуктар азыр да актуалдуу экенин жана дүйнөлүк кризистерди жеңүү үчүн зарыл бойдон кала берээрин эске салды.