Ирандын Жогорку лидери: Вашингтон менен сүйлөшүүлөр эч кандай пайда алып келбейт

Тегерандын Вашингтон менен сүйлөшүүлөрү эч кандай пайда алып келбейт жана алар эч бир маселени чечпейт. Бул тууралуу Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Ислам революциясынын 46 жылдык мааракеси алдында билдирди.

«АКШ менен сүйлөшүү жүргүзүү – акылсыздык жана абийирсиздик, анткени бул өлкөнүн маселелерин чечүүгө эч кандай салым кошпойт», – деп билдирди Хаменеи.

Ал Ирандын Аскердик-аба күчтөрүнүн жана Абадан коргонуу күчтөрүнүн командирлери менен жолугушууда сүйлөп, Вашингтон менен сүйлөшүүлөр акылсыздык, акылмандуулукка жатпаган жана чынчылдыкка туура келбеген кадам болмок экенин белгиледи.

Ошондой эле, аятолла АКШны, эгерде алар Иран элинин коопсуздугуна коркунуч жаратышса, Тегеран жооп кайтарууга даяр экенин айтты.

«Эгерде америкалыктар бизге коркутуу аракетин жасашса – биз да аларды коркутабыз. Эгерде алар сөздөн ишке өтүшсө – биз да ошол эле нерсени жасайбыз. Эгерде алар Иран элинин коопсуздугуна кол салышса – биз да алардын коопсуздугуна шексиз түрдө коркунуч жараткан чараларды көрөбүз», – деп баса белгиледи Хаменеи.

АКШнын Иранга карата басым саясаты

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы максималдуу басым саясатын калыбына келтирүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Ошол эле учурда, Трамп Иран менен аскердик кагылышууга барууну каалабасын, тескерисинче, Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашууга жетишип, тирешүүдөн качууну көздөй тургандыгын айткан.

Максималдуу басым саясаты Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө колдонулган жана Тегеранга карата катаал санкцияларды жана башка чектөөлөрдү киргизүүнү камтыган.

Бул чаралар негизинен Ирандын өзөктүк программасына жана баллистикалык ракеталарын иштеп чыгуу иштерине каршы багытталган болчу. Максат – Иранды Вашингтон менен талаштуу маселелер боюнча сүйлөшүүгө мажбурлоо эле.