Израиль Сирияга басып киргендиги үчүн кыйратуучу жеңилүүгө учурайт, Ислам каршылык көрсөтүү күчтөрү күрөшүн улантат.
Бул тууралуу Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи ирандык аялдар менен жолугушууда билдирди.
“АКШ, сионисттик режим жана алардын кээ бир өнөктөштөрү Сириядагы окуялардан пайдаланып, кылмыш иштерин улантууда жана Дамасктагы бийликтин алмашуусун каршылык көрсөтүүнүн соңу катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Бул чоң жаңылыштык. Газа сектору менен Ливан күрөшүн улантууда. Израиль ливандык “Хезболла” күчтөрүн курчоого алуу жана аны жок кылуу үчүн Сирия жерине басып кирди. Бирок дал Израиль өзү жок кылынат”, – деди Хаменеи.
Ал каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн лидерлери Хасан Насрулла менен Яхья ас-Синвар шейит болушса дагы, алардын жолу улантылып жатканын белгиледи.
“Газа күн сайын кол салууларга дуушар болуп, адамдар шейиттерге айланууда. Бирок алар бекем туруп, каршылык көрсөтүүнү улантууда. Ливан каршылык көрсөтүүнү улантууда”, – деди Ирандын жогорку лидери.
Белгилей кетсек, 8-декабрда сириялык козголоңчулар Башар Асаддын режимин кулаткандан кийин, Израилдин аскерлери Голан дөңсөөсүнөн өтүп, Сириянын аймагына кирип барган. Алар ушул тапта Хермон тоосунун Сирия тарабын да көзөмөлдөп турушат.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 1973-жылкы согуштан кийинки Голан дөңсөөсүндөгү күчтөрдү ажыратуу боюнча макулдашуу сириялык аскерлер позициясын таштап кеткенден кийин күчүн жоготкондугун айткан. Мындан улам ЦАХАЛга экиге бөлүп турган аймакты жана армия көзөмөл кылып келген позицияны ээлегенге буйрук берилген.
Израилдин аба күчтөрү Сириядагы аскердик буталарга чабуулун улантууда. 10-декабрда Израилдин коргоо министри Исраэл Кац анын өлкөсүнүн Аскер-деңиз күчтөрү Араб Республикасынын аскердик флотун дээрлик жок кылганын билдирди.
Голан дөңсөөлөрү 1967-жылга чейин Сирияга таандык болчу. Элүү эки жыл мурдагы “Алты күндүк согуштан” кийин Израиль бул аймакка көзөмөлүн орноткон. 1981-жылы Тель-Авивде Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп тааныган мыйзам колдоо тапкан. Бирок БУУ бул чечимди четке кагып, бир нече жолу Израилди Голан аймагын Сирияга кайтарып берүүгө чакырган.
1974-жылы ал жакта 400 чакырымдык буфердик аймак түзүлүп, Бириккен Улуттар Уюмунун күчтөрү көзөмөлдөп келген.