Ирандын жогорку лидери: Нетаньяху өлүм жазасына тартылууга татыктуу

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галантты камакка алууга ордер берген Эл аралык кылмыш сотунун (ICC) өкүмү жетиштүү адилеттүү эмес, Нетаньяху өлүм жазасына тартылышы керек.

Бул тууралуу Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи Ислам революциясынын сакчылар корпусунун курамына кирген «Басиж» отрядынын активисттери менен жолугушууда билдирди.

Өткөн апта 21-ноябрда Эл аралык сот Нетаньяху менен Галантты Газа тилкесиндеги согуш кылмыштары үчүн камакка алууга ордер берген. Сот ошондой эле Израилдин өз жарандарына ордер берүү боюнча соттун юрисдикциясына каршы чыгууну көздөгөн аргументтерин четке какты.

Нетаньяху менен Галантты камакка алуу ордерлери Палестина аймагында, анын ичинде Газа тилкесинде кеминде 2023-жылдын 8-октябрынан 2024-жылдын 20-майына чейин жасалган согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн берилген. Сотко чейинки палатанын пикири боюнча, экөө тең адам өлтүрүү, куугунтуктоо жана башка адамгерчиликсиз аракеттер, ошондой эле согуштун ыкмасы катары карапайым калкты ачарчылыкка дуушар кылган аракеттерди жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.

«Алардын (Нетаньяху менен Галант – ред.) кылганы жеңиш эмес, согуш кылмышы (Эл аралык сот – ред.) камоого ордер берди, бул жетиштүү эмес: Нетаньяхуга өлүм жазасын берүү (ал үчүн жетиштүү жаза болот – ред. )” деп билдирди Иранлдын Жогорку лидери.

2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин Газа тилкесинде жүргүзүп жаткан операциясында 43,5 миң палестиналык каза таап, 102 миңден ашууну жаракат алды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *