Иран АКШ менен Израилдин чабуулуна жооп катары Израилге карай ондогон баллистикалык ракеталарды учурду.
Ирандын баллистикалык ракеталарынын биринчи толкуну учурулгандан кийин Израилде сиреналар жаңырды.
Иран ЖМКлары Израилге карай 30га жакын ракета атылганын кабарлашты.
Буга чейин Израиль Иранга алдын ала сокку ургандан кийин аба мейкиндигин жапканы кабарланган.
Бүгүн чак түштө Тегеранда жана Ирандын ири шаарларында бир нече жарылуулар болду.
Иран ЖМКлары чабуул Тегерандагы Ирандын Чалгындоо министрлигине, Коргоо министрлигине, Жогорку лидердин кеңсесине, Атомдук энергия боюнча агенттигине жана “Парчин” аскердик комплексине багытталганын маалымдашты.
Иранга каршы сокку урулгандан көп өтпөй АКШ президенти Дональд Трамп АКШ Иранга каршы масштабдуу операция баштаганын билдирди.
«Бир нече убакыт мурун АКШнын куралдуу күчтөрү Иранда ири аскердик операцияларды башташты», — деди Трамп.
Трамп Ирандын аракеттери АКШга, америкалык аскерлерге жана чет өлкөлөрдөгү аскердик базаларга түздөн-түз коркунуч келтирерин билдирди.
“Алардын аракеттери АКШга, биздин базаларыбызга, чет өлкөлөрдөгү аскерлерибизге жана дүйнө жүзүндөгү союздаштарыбызга түздөн-түз коркунуч келтирет”, – деди Трамп видео кайрылуусунда.
Ирандын аба мейкиндиги Израилдин чабуулдарынан улам кийинки билдирүүгө чейин жабылды.
The New York Times америкалык аты-жөнү айтылбаган расмий адамга шилтеме берип, Иранга каршы ондогон аба чабуулдары Жакынкы Чыгыш аймагындагы базалардан жана бир учак ташуучу кемеден жүргүзүлгөн маалымдады.