Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Путинге Хаменеинин кайрылуусун жеткирди

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Лариджани 16-октябрь күнү Россияга бир күндүк сапары менен барганын билдирди.

«Бүгүн эртең менен Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин катчысы Лариджани Россияга жөнөп кетти», — деп айтылат Лариджанинин күн мурун Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө.

Лариджанинин айтымында, бейшемби күнү ал Россияга болгон сапарынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеинин кайрылуусун тапшырган.

«Бүгүн кечинде Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы, Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеинин кеңешчиси Али Лариджани Россия президенти Путин менен жолугуп, ага Жогорку лидердин кайруусун тапшырды жана эки тараптуу маселелерди, ошондой эле Тегеран менен Москванын ортосундагы экономикалык, регионалдык жана эл аралык кызматташтыкты талкуулады», — деп айтылат Лариджанинин Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө.

Аятолла Хаменеинин билдирүүсүнүн мазмуну, ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн деталдары ачыкталган жок. Бирок, билдирүүнүн мындай жогорку деңгээлде жекеме-жеке жеткирилгендигинин өзү эки өлкө үчүн талкууланган темалардын өзгөчө маанилүүлүгүн көрсөтүп турат.