Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы “Эпштейн командасынын” калдыктары Иранга каршы масштабуу провокация даярдап жатканын билдирди

Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Ларижани Эпштейн командасынын калдыктары Иранга каршы АКШ аймагында 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдарга окшош масштабуу провокация даярдап жатканын билдирди.

“Эпштейндин командасынын калган мүчөлөрү 11-сентябрга окшош окуяны жаратып, ага Иранды айыптоо үчүн провокация иштеп чыгышканын уктум. Иран мындай террористтик программаларга принципиалдуу түрдө каршы жана Америка эли менен согуш жүргүзбөй эле”, – деп жазды ал Х соцтармактагы баракчасына.

Ларижани азыркы учурда Иран АКШ менен Израилдин кол салуусунан улам өзүн коргоп жатканын билдирди.

Ирандык саясий талдоочу Сейед Мохаммад Маранди да Х соцтармактагы баракчасынан жакында АКШ жана Израилдин айрым чалгын кызматтарындагы өкүлдөрү биргелешкен жыйында АКШдагы же БАЭдеги маанилүү имаратка кол салуу жана андан кийин күнөөнү Иранга оодаруу планы тууралуу сүйлөшүшкөнүн билдирди.

Морандинин айтымында, мунун максаты Иранга каршы кийинки аракеттер үчүн эл аралык колдоо түзүү болуп саналат.

2001-жылы 11-сентябрда “Аль-Каида” террордук уюмунун террористтери төрт учакты айдап качып, Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борбору жайгашкан Эгиз мунараны, Вашингтондун жанындагы Пентагонду сүзүп, бир учак Пенсильванияда талаада кыйраган. Чабуулда 3000дей кишинин өмүрү кыйылып, АКШ тарыхындагы эң ири теракт болгон.

Буга чейин америкалык журналист Такер Карлсон АКШ Иранда кургактан операция баштоосу үчүн 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдарга окшош АКШнын аймагындагы провокация зарыл болушу мүмкүн деп билдирген. Ал бул тууралуу өзүнүн YouTube каналында жарыялаганын “Российская газета” интернет-порталы маалымдаган.

Күн мурун Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи АКШ араб өлкөлөрүнө сокку уруу үчүн ирандык “Шахед” учкучсуз учуучу аппаратына окшош дрон колдонуп жатканын билдирген.

28-февралда АКШ менен Израил Ирандагы, анын ичинде Тегерандагы буталарга сокку ура баштаган. Иран Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине жооп кайтаруу соккуларын уруп жатат. Эки тарапта тең жоготуулар жана кыйроолор бар.