Ислам революциясынын улуу лидери аятолла Хаменеинин иврит тилиндеги X социалдык тармагындагы расмий аккаунтунда сионисттик режимдин кылмыштуу террористтик бандасынын бардык жетекчилерин жоопко тартуу зарылдыгына басым жасалган билдирүү жарыяланды.
“Сионисттик режимдин кылмыштуу террористтик бандасынын бардык саясий жана аскерий жетекчилери жоопко тартылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек”, – деп жазылган твиттерде.
Бейшемби күнү, 2024-жылдын 21-ноябрында Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты согуш кылмыштары, адамзатка каршы кылмыштар жана ачарчылыкты курал катары колдонгондугу үчүн камакка алууга ордер чыгарды.
Бул эл аралык кылмыш соту тарабынан израилдик аткаминерлерди камакка алуу ордеринин биринчи жолу чыгышы.