Ирандын лидери Сириядагы террорчулардын активдешүүсү боюнча позициясын билдирди

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Х соцтармактагы баракчасынан Сириядагы террордук топтордун активдешүүсү боюнча позициясын билдирди.

Хаменеи өз билдирүүсүндө такфирдик бул топтордун аракеттери исламдын душмандарына “кубанычтуу кабар” болуп, мусулман дүйнөсүнүн көңүлүн Палестинадагы абалдан жана Израилдин кылмыштарынан башка жакка буруп жатканын жазды.

27-ноябрь күнү эртең менен “Хаят Тахрир аш-Шам” (мурдагы Жабхат ан-Нусра) террордук тобунун түзүмдөрү Сириянын түндүгүнө масштабдуу чабуул жасашты. Террордук топтор Сириянын куралдуу оппозициясы деп аталган бир катар куралдуу түзүмдөр менен биргеликте 29-ноябрда Идлибдин түндүгүнгөн Алеппо жана Хама шаарларын көздөй жылып, масштабдуу операция баштаган. Бир күндөн кийин, 30-ноябрда Сириянын экинчи чоң шаары жана анын айланасы, анын ичинде эл аралык аэропорт жана Кувейрис аскердик аэродрому террористтердин көзөмөлүнө өткөн.

Алеппонун согушкерлер тарабынан толук алынышы Сирияда 2011-жылы кризис башталгандан бери биринчи жолу болду. 2016-жылдын аягына чейин куралдуу оппозиция шаардын чыгыш бөлүгүн гана көзөмөлдөп, Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн колдоосу менен Сирия армиясы тарабынан сүрүлүп чыгарылган.

Алеппо алынгандан кийин террордук топтор Маарет Нууман айылын басып алып, Хама шаарын көздөй жылууга аракет кылышкан. Алеппо провинциясынын түндүгүндө, Тель-Рифаат конушунун аймагында күрт күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарга тереңирээк кирүүгө аракеттер көрүлүүдө.

Сирия армиясынын командачылыгы өз кезегинде 1-декабрда Хамада террорчулардын илгерилеши токтотулуп, өкмөттүк аскерлер каршы чабуулга өтүп, мурда террористтер басып алган бир катар калктуу конуштарды бошотконун жарыялады.

Кээ бир эл аралык саясий ишмерлер да Сириядагы бул террордук чабуулдар Сириядагы каршылык көрсөтүү күчтөрүн тартуу жана Газадагы окуялардан көңүлдү башка жакка бурууну көздөгөн АКШ менен Израилдин планынын бир бөлүгү экенин айтышууда.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи  да Сириядагы террордук топтордун соңку аракеттери Тель-Авив менен Вашингтондун Батыш Азия чөлкөмүн туруксуздаштыруу планынын бир бөлүгү, ошондой эле Астана процессинин келишимдерин одоно бузуу деп билдирди.

Иран Сириядагы кырдаалга байланыштуу Араб Республикасына терроризмге каршы күрөштө бардык зарыл жардамдарды берүүгө даяр экенин билдирди.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Сириядагы террорчулардын активдешүүсүнүн фонунда бир катар өлкөлөрдүн лидерлери, анын ичинде Сириянын президенти Башар Асад, Катардын эмиришейх Тамим Бин Хамад Аль Тан, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирактын премьер-министриМохаммед Шиа аль Судани менен телефондон сүйлөшүп, аймактагы кырдаалды талкуулады.

Ал арада аймактагы кырдаалга байланыштуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Жакынчы Чыгыш өлкөлөрүнө сапар жасап, алгач Сирияга андан соң Түркияга сапары менен барып, Сириядагы террорчулардын активдешүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.