Ирандын лидери: Эгерде биз чындап эле өзөктүк курал жасоого умтулсак, АКШ бизди токтото алмак эмес

Иран чындап эле өзөктүк курал жасоону кааласа, АКШ аны токтото алмак эмес.

Бул тууралуу Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи иран тарап АКШнын президенти Дональд Трамптын катын алгандан кийин билдирди.

7-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеиге Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнү сунуштаган кат жөнөткөнүн билдирген. Ал Вашингтон Ирандын өзөктүк маселесин чечүүнүн эки мүмкүн болгон жолун – аскерий же дипломатиялык жолду карап жатканын белгилеп, сүйлөшүүлөрдү артык көрөрүн баса белгилеген.

12-мартта Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Аббас Аракчи Бириккен Араб Эмираттарынын президентинин дипломатиялык кеңешчиси Анвар Гаргаштын Тегеранга жасаган расмий сапары учурунда андан Трамптын катын алганын ырастаган. Иран Трамптын катына кандай жооп берерин документти толук баалап, карагандан кийин айтарын Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи билдирген.

“Ирандын өзөктүк куралы боюнча алар Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербейбиз деп жатышат. Эгер биз өзөктүк курал жасагыбыз келсе, АКШ бизди токтото албайт болчу. Бизде өзөктүк куралдын жоктугу жана ага ээ болууга умтулбай жаткандыгыбыз, биз өзүбүздүн ар кандай себептерден улам ага ээ болгубуз келбегендиги менен түшүндүрүлөт, биз аларды атаганбыз жана талкуулаганбыз”, – деди Хаменеи.

Ошондой эле Ирын лидери АКШнын Иран менен сүйлөшүүгө даярдыгы жөнүндөгү билдирүүлөрү дүйнөлүк коомдук пикирди алдагандык болуп саналан айтты.

“АКШ президентинин Иран менен сүйлөшүүгө даярдыгы тууралуу айтып, сүйлөшүүгө чакыруусу дүйнөлүк коомдук пикирди алдагандык болуп саналат. Биз отуруп, бир нече жыл сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бирок ошол эле киши толтурулган, кол койгон документти ыргытып, тытып салды. Эгер алардан майнап чыкпасын билсек, кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек? Ошондуктан, сүйлөшүүлөргө чакырыктар жана алар тууралуу билдирүүлөр коомдук пикирди алдагандык болуп саналат», – деген Хаменеи.

Эске салсак, 2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.