Ирандын президенти БУУдагы сөзүндө Израилдин Газадагы жана Ливандагы зомбулугун токтотууга чакырды

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан  Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөп жатып, бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн биринчи маселеси, б.а. Газадагы адамдардын өлтүрүлүшү, Ливандагы зомбулук жана Израиль менен анын колдоочуларынын кылмыштары тууралуу сөз кылды.

Пезешкиан жыйындын төрагасына жана чогулгандарга кайрылып, акыркы бир жылда дүйнө эли Израиль режиминин табиятына жана бул режимдин жетекчилери кандай кылмыш кылып жатканына күбө болушканын билдирди.

“Он бир айдын ичинде Газада 41 миңден ашуун бейкүнөө адамдын каны төгүлдү, алардын көбү бейкүнөө аялдар жана балдар”, – деди ал.

Газада израилдик режимдин агрессиясынан улам дээрлик бир жыл ичинде каза болгондордун жалпы саны 41 495 адамга, жаракат алгандарды саны 96 006 кишиге жеткенин 25-сентябрда Газанын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.

Иран президенти израилдик режимдин лидерлери бул геноцидди, балдарды өлтүрүүнү, согуш кылмыштарын жана мамлекеттик терроризмди “мыйзамдуу коргонуу”, ооруканалар, бала бакчалар жана мектептерди «мыйзамдуу аскердик буталар», дүйнөнүн батышында жана чыгышында алардын геноцидине каршы чыккан эркиндикти каалаган, эр жүрөк элди «антисемитизм», ал эми жетимиш жылдык баскынчылык жана кордуктан кийин аларга каршы көтөрүлгөн эзилген элди «террорист» деп атап жатышканын, бирок Ирандын жеринде ирандык окумуштууларды, дипломаттарды жана ал жерге барган  конокторду өлтүргөн, террордук топторду тымызын жана ачык колдоп келген дал Израиль экенин баса белгиледи.

Андан соң ал Ислам Республикасынын бул кагылышуулардагы жана тынчтык жана коопсуздукту орнотуу аракеттериндеги позициясына токтолуп, Иран төрт муундан бери Израиль режиминин кылмыштарынын жана колонизациясынын курмандыгы болгон боштондук жана элдик кыймылдарды колдой тургандыгын билдири.

“Биз Израилдин аракеттерине каршы көчөлөргө демонстрацияга чыккан өлкөлөрдүн эли менен биргебиз жана адамзатка каршы кылмышты айыптайбыз”,-деди Пезешкиан.

Мындан тышкары, Ирандын президенти эл аралык коомчулукту Израилдин Газа тилкеси жана Ливандагы зордук-зомбулуктарын Жакынкы Чыгышка жана бүткүл дүйнөгө жайыла электе токтотууга чакырды.

“Бул зордук-зомбулук аймакты жана дүйнөнү каптаганга чейин, эл аралык коомчулук зомбулукту токтоосуз токтотуп, Газа тилкесинде туруктуу ок атышпоону камсыздап, Израилдин Ливандагы жапайычылыгын токтотуусу зарыл”, – деди Пезешкиан.

Ал Палестина маселесин чечүү боюнча өзүнүн сунушун айтып, Палестинанын бүткүл эли – өз мекенинде жүргөндөр да, үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгондор да – өздөрүнүн келечегин жалпы элдик референдумда аныкташы керек экенин билдирди.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 17-18-сентябрда Ливандын ар кайсы райондорунда бир учурда байланыш жабдуулары: биринчи пейджерлер, эртеси рациялар жардырылгандан кийин курчуган. Маалымат каражаттары жазгандай, жарылган аппараттарды негизинен “Хезболланын” мүчөлөрү колдонгон. Расмий маалыматтар боюнча, чабуулдан 37 адам каза болуп, 3000ден ашууну жарадар болгон. Ливан бийликтери жана “Хезболла” чабуул үчүн Израилди айыптаган. Тель-Авив бул окуяга тиешеси бар экенин тастыктаган да, четке каккан да жок.

Кийинчерээк Израилдин авиациясы Бейруттун түштүк четиндеги турак жайга сокку уруп, 50дөн ашуун киши, анын ичинде “Хезболланын” атайын операцияларынын командири Ибрагим Акиль набыт болгон. “Хезболла” жооп ирээтинде Израилдин аба күчтөрүнүн Рамат Давид базасына жана Хайфанын түндүгүндөгү Рафаэль аскердик-өнөр жай комплексине чабуул коюшкан.

23-сентябрда да Израилдин аба күчтөрү Ливандын түштүк жана чыгышындагы конуштарга чабуул жасап, анын кесепетинен бир сутка ичинде 492 киши каза болуп, 1645 киши жаракат алган. Каза болгондордун ичинде  35 жаш бала жана 58 аял бар экени маалымдалган.

Комментарий жиберүү