Ирандын президенти БУУда Израил менен болгон 12 күндүк согуштун курмандыктарынын  сүрөттөрүн көрсөттү

Ирандын президенти Масуд Пазешкиан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында сөз сүйлөп жатып, июнь айында Израиль менен болгон 12 күндүк согушта каза болгондордун сүрөттөрү жана аты-жөнү түшүрүлгөн китепти көрсөттү.

 

1 of 6

-+

Пезешкиан Израилдин жана Америка Кошмо Штаттарынын Ирандын аймагына абадан сокку уруулары – дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү баштаган кезде – дипломатияга жасалган чоң чыккынчылык жана туруктуулук менен тынчтыкты орнотуу үчүн жасалып жаткан аракеттерди бузганын белгиледи.

Анын айтымында, бул агрессия Ирандын бир катар командирлердин, балдардын, аялдардын жана  илимпоздордун өмүрүн алып гана чектелбестен, эл аралык ишенимге жана аймактагы тынчтыктын келечегине да оор сокку урганын кошумчалады.

Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Иранга каршы аскердик операция баштаган. Израилдин Ирандын өзөктүк, аскердик жана жарандык объекттерине жасаган аба соккуларында 1000ден ашуун адам, алардын ичинде жогорку аскер жетекчилери, өзөктүк илимпоздор жана жай тургундар (аялдар жана балдар) каза болушкан.

Бир суткага жетпей Ислам Республикасы жооп чабуулун жасай баштаган. Америка Кошмо Штаттары жаңжалга тогуз күндөн кийин кошулуп, Ирандын Фордо, Натанз жана Исфахандагы өзөктүк объектилерине сокку урган. 23-июнь күнү кечинде Иран жооп ирээтинде Американын Жакынкы Чыгыштагы эң ири авиабазасы Катардагы Аль-Удейд авиабазасына чабуул койгон. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышпоо жарыялоого макул болгонун жарыялап, ал 24-июндан тарта күчүнө кирген.