Ирандын президенти Израилдин Ливандагы террордук аракеттерин айыптады

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Израилдин Ливандагы террордук аракеттерин айыптоо менен бирге, эл аралык уюмдарды бул жааттагы милдеттерин аткарууга чакырды.

Пезешкиан бүгүн X соцтармактагы баракчасына “Биз Ливанга тилектешпиз” деген хештег менен мындай деген билдирүү калтырды:

“Террордук режимдин жай тургундар менен башкаларды бөлбөстөн байланыш каражаттарын жардыруу менен ишке ашырган чыккынчы массалык террорунун натыйжасында миңдеген ливандык жарандардын каза болушу жана жарадар болгондугуна байланыштуу Ливандын элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Кылмышкер сөзсүз адилеттүү жазасын алат. Иран Ислам Республикасы ливандыктарды бутага алган бул жийиркеничтүү кылмышты айыптайт жана Ливандын өкмөтүнө жана элине колдоосун баса белгилейт. Биз эл аралык уюмдардан өз милдеттерин аткарууну суранабыз”.

Ливанда 17-18-сентябрда болгон пейджерлердин жана башка жабдыктардын жарылуусунан каза болгондордун саны 32ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин  Al-Hurra телеканалы маалымдады. Алардын 12си чабуулдун биринчи күнү пейджерлерлер жардырылганда  каза болгон. Башка жабдыктардын жарылуусунан экинчи күнү дагы жыйырма адам каза болду. Каза болгондордун арасында төрт бала бар экени маалымдалган. Эки күндүн ичинде болгон жардыруулардан үч миңден ашуун адам жараат алды.

Жараат алгандардын катарында Ирандын Ливандагы элчиси Можтаба Амани да бар. IRNA маалымат агенттиги дипломат жеңил жаракат алганын жана анын өмүрүнө коркунуч жок экенин тактаган.

Ливандын өкмөтү жана “Хезболла” кыймылы массалык чабуул үчүн Израилди айыптады. Израиль  жардыруулардагы ролун расмий тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү Коопсуздук кеңешине кат жиберип, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жана БУУнун Коопсуздук кеңеши пейджерлердин жардыруусунан жарадар болгон Ирандын Ливандагы элчисине кол салууну айыпташы керектин билдирди.

Жума күнү БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ливандагы мобилдик аппараттын жарылуусуна байланыштуу жыйынга чогулат.

Иран дипломаттары белгилегендей, Израилдин аракеттери эл аралык укуктун, анын ичинде БУУнун Уставынын негизги принциптерин жана эрежелерин одоно бузуу болуп саналат.

Комментарий жиберүү