Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады.
Бул тууралуу Кыргызстан президентинин маалымат кызматы билдирди.
“Сизди жана өлкөңүздүн элин жаңы жылдын башталышы менен чын дилимден куттуктайм. Григориан календары боюнча жаңы 2025-жылы биргелешкен аракеттердин негизинде зулумдукту, согуштарды, геноцидди жок кылууга, ошондой эле дүйнө жүзүндө тынчтыкты, бейпилдикти орнотууга жана адеп-ахлакты тереңдетүүгө күбө болобуз деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Мындан тышкары, куттуктоо телеграммаларын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын мамлекет башчысы Сердар Бердымухамедов, Россиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Польшанын президенти Анджей Дуда, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, Египеттин президенти Абдель Фаттах Аль-Сиси, Норвегиянын королу Харальд V, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Каха Имнадзе жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев жөнөткөн.