Ирандын ядролук программасына байланыштуу эл аралык мамиледе кош стандарттар колдонулуп жатканы жоюлмайынча, Иран менен Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) ортосундагы кызматташтык улантылышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан билдирди.
Президенттин администрациясы тараткан билдирүүгө ылайык, Пезешкиан Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Баарлашуу учурунда тараптар Иран менен Израилдин ортосундагы 12 күнгө созулган куралдуу кагылышты жана Иран менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелерди талкуулашты.
Пезешкиан өз өлкөсүнүн диалог, дипломатия, өз ара урматтоо жана эл аралык укук принциптерин карманарын белгиледи.
Ал Иран парламентинин МАГАТЭ менен кызматташууну токтотуу тууралуу чечими агенттиктин башкы директору Рафаэль Мариано Гроссинин «карапайымсыз жана кесипкөйлүккө жатпаган аракеттерине» жооп катары кабыл алынганын айтты.
Мамлекет башчысы Иран менен МАГАТЭнин мурдагы жылдардагы «ар тараптуу кызматташуусун» эске салды.
«Бул кызматташтыкты улантуу үчүн Ирандын ядролук программасына карата колдонулуп жаткан кош стандарттар жоюлушу керек. Агрессиялык аракеттер кайталап жасалса, Иран тараптан дагы күчтүү жана катуу жооп болот», — деди Пезешкиан.
Ал ошондой эле «Европа Биримдиги менен мамилелерди кеңейтүүгө жана бар болгон пикир келишпестиктерди конструктивдүү жана урмат-сый менен жүргүзүлгөн диалог аркылуу жөнгө салууга» даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта учурдагы маселелерди дипломатия жолу менен чечүүгө жана Иран менен кызматташууну кеңейтүүгө Европа Биримдигинин даярдыгын ырастады. Ал эл аралык уюмдар кош стандарттардан алыс болушу керектигин өзгөчө белгиледи.
Кошта Израилдин Иран аймагына жасаган чабуулдарында каза болгондорго байланыштуу Пезешкианга көңүл айтты жана Палестинадагы кырдаалга да токтолду.
«Европа Биримдиги Газа секторунда Израил тарабынан адам укуктарынын бузулушун айыптайт, ок атышууну токтотууну, гуманитардык жардам жеткирүүнү жана палестин элине таасирдүү колдоо көрсөтүүнү талап кылат», — деди Кошта.