Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан  С. Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин дүйнө лидерлери бүгүнкү Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы менен куттуктоодо. Алардын катарында Иран Ислам Республикасынын  Президенти Масуд Пезешкиан да бар. 

“Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара сый-урматка негизделген мамилелер мындан ары да эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн бекемделип жана өнүгө берет деп ишенем жана регион боюнча коңшу өлкөлөр менен жана Ирандын 14-өкмөтүнүн тушунда кызматташтыкты өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатынын приоритети болуп саналат деп ишендирем.

Сизге ден соолук жана ийгиликтерди, Кыргыз Республикасынын элине туруктуу өнүгүүнү жана прогрессти беришин Жараткан Кудайдан тилейм”, – деп айтылат Ирандын Президентинин  куттуктоо телеграммасында.

Комментарий жиберүү