Ирандын президенти Сирияны колдой тургандыгын бышыктады

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Сириянын президенти Башар Асад менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Иран Сириянын өкмөтүнө жана элине колдоо көрсөтүүнү улантарын бышыктады.

Ал Сириянын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо Ирандын аймактагы стратегиялык багыты экендигин баса белгиледи.

Ирандын президенти Сирия өлкөнүн коопсуздугу жана туруктуулугуна каршы Израилдин кутумдары менен байланыштырган учурдагы кыйынчылыктарды жеңип чыгаарына жана Иран бул жолдо Сирия эли менен бирге болоруна ишеним билдирди.

Ал ошондой эле Иран Сириядагы кырдаалга кылдат көз салып турганын жана кризистен чыгуу үчүн бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүгө жана кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.

Ирандын президенти Ирандын тышкы иштер министринин дипломатиялык аракеттерин жана анын аймактык лидерлер менен терроризмге каршы күрөштө кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган сүйлөшүүлөрүн мисалга тартты.

Ал Иран ислам өлкөлөрү менен кызматташуу менен Израилге мусулмандардын биримдигин бузуп, аймакта терроризм жана туруксуздуктун жайылышына жол бербей турганын айтты.

Соңунда Ирандын президенти дагы бир жолу Ирандын Сирияга колдоо көрсөтүүгө чечкиндүүлүгүн ырастады жана Иран ар дайым Сирия эли жана өкмөтү менен бирге болоорун баса белгиледи.