Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын президенти Дональд Трамптын Газа тилкесиндеги палестиналыктарды коңшу араб өлкөлөрүнө көчүрүү сунушуна жооп катары израилдиктерди Гренландияга көчүрүүнү сунуштады.
Бул тууралуу Аракчи “Sky News” телеканалына берген маегинде Трамптын Газанын тургундарын анклавдагы кайра куруу иштери аяктагыча Иордания, Египет жана башка араб мамлекеттерине көчүрүп туруу мүмкүндүгү тууралуу сөзүнө комментарий берип жатып билдирди.
“Мен башка нерсени сунуштайм. Палестиналыктардын ордуна израилдиктерди депортация кылып, Гренландияга алып кетүүгө аракет кылып көрүшсүн. Ошентип, алар бир ок менен эки коёнду ата алышат”, – деп сунуштады Аракчи.
25-январда АКШнын президенти Дональд Трамп Газа тилкеси согуштун айынан талкаланып, ал жакта жашоо мүмкүн эместигин айтып, анклавдын тургундарын Иордания, Египет жана башка араб мамлекеттерине көчүрүү планын айткан. Анын айтымында, сөз Газа тилкесинин сыртына көчүрүлүшү керек болгон 1,5 миллион адам жөнүндө болуп жатат. Трамптын айтымында, тургундар убактылуу жана узак мөөнөткө көчүрүлүшү ыктымал.
Бирок Египет жана Иордания Трамптын көп сандагы палестиналыктарды Газадан көчүрүп туруу идеясын четке кагышты.
Араб Лигасы да адамдарды өз жерлеринен мажбурлап көчүрүү “этникалык тазалоого” жатарын билдирди.