Ирандын чалгын кызматы Израилдин өзөктүк жана аскердик борборлору жөнүндө, ошондой эле окумуштуулар менен аскер кызматкерлеринин ысымдары камтылган “маалымат казынасын” алганын Ислам Республикасынын чалгын министри Эсмаил Хатиб билдирди.
“Өлкөгө алынып келинген бул казынада сионисттик режимге (Израил – ред.) байланышкан миллиондогон беттерден турган ар түрдүү жана баалуу маалыматтар бар. Бул документтерде режимдин мурдагы жана азыркы курал долбоорлору, эски өзөктүк куралды кайра иштетүү жана модернизациялоо боюнча долбоорлору, АКШ жана айрым европалык өлкөлөр менен биргелешкен долбоорлору, ошондой эле өзөктүк куралды иштеп чыгууга катышкан адамдар жана административдик түзүм жөнүндө толук маалымат камтылган”, – деди ал Tasnim агенттигине берген маегинде.
Министрдин айтымында, 189 израилдик өзөктүк жана аскерий адистердин аты-жөнү, жеке маалыматтары, даректери, ошондой эле кош максаттагы жашыруун объектилердин координаттары толук алынган. Бул объектилердин айрымдары Израил менен болгон 12 күндүк согуш маалында иран ракеталары менен аткыланган.
5
Хатиб белгилегендей, Тегеран бул жашыруун маалыматтарды Израилдин өзөктүк объектилерине кирүү аркылуу, ошондой эле өзөктүк жайлардын, аскердик мекемелердин кызматкерлеринен жана кадимки жарандардан алган.
Анын белгилешинче, көптөгөн израилдиктер акча үчүн же Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга болгон жек көрүүсүнөн улам ыктыярдуу түрдө иран чалгыны менен кызматташкан.
Эске салсак, Израиль 13-июнга караган түнү Иранды жашыруун аскердик-өзөктүк программа жүргүзүүдө деп айыптап, ага каршы операция баштап, Фордо, Натанз жана Исфахандагы атомдук объекттерге жана аба базаларына сокку урган. Анын кесепетинен бир катар аскер жетекчилери жана белгилүү физиктер каза болгон.
Иран бул айыптоолорду четке кагып, жооп катары өз чабуулдарын жасаган. Тараптар 12 күн бою бири-бирине сокку урушкан. Бул жаңжалга АКШ да кошулуп, 22-июнга караган түнү Натанз, Фордо жана Исфахандагы үч ядролук объектке бир жолку абадан сокку жасаган. Иран ага жооп катары 23-июнда кечинде Катардагы америкалык “Эль-Удейд” аскердик базасына ракеталык чабуул жасаган. Ошол эле учурда иран тарап жаңжалды мындан ары күчөтүүгө ниети жок экенин билдирген. Бул окуядан кийин 12 күндүк согуш аяктаган.