Ирандын чалгын министри: Жакында Израилдин стартегиялык документтеринин жашыруун архивин жарыялайбыз

Ислам Республикасынын чалгындоо министри Эсмаил Хатиб архивди өлкөнүн аскердик кубаттуулугун арттыра турган “казына” деп атады

ISNA агенттиги маалымдагандай, Тегеран жакын арада Ирандын чалгындоо кызматы тарабынан алынган израилдик документтердин жашыруун архивин жарыялайт, деп билдирди Ислам Республикасынын чалгын министри Эсмаил Хатиб.

Ал бул архивди өлкөнүн аскердик кубаттуулугун арттыра турган “казына” деп атады.

Буга чейин Tasnim агенттиги Ирандын атайын кызматтары Израилдин өзөктүк программасына байланыштуу жашыруун документтердин архивин алганын билдирген.

Хатибдин айтымында, алынган документтерде Израилдин коргонуу жөндөмдүүлүгү, ошондой эле жөөт мамлекетинин АКШ жана Европа менен мамилеси тууралуу жашыруун маалыматтар бар.

“Бул кенчти өткөрүп берүү узакка созулду жана атайын коопсуздук чараларын талап кылды. Албетте, өткөрүп берүүнүн ыкмалары сыр бойдон калат, бирок документтердин өзү жакынкы аралыкта коомчулукка жарыяланышы керек”, – деди министр Ирандын мамлекеттик телеканалынан.

Ал ошондой эле архив Израилде Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун агенттери тарабынан алынган миңдеген өзүнчө документтерден турганын белгиледи.