АКШ Ирандын аймагына жасалган соккулардан улам келтирилген зыян үчүн компенсация төлөөгө милдеттүү.
Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин орун басары Саид Хатибзаде билдиргенин Mehr агенттиги кабарлады.
“Вашингтон Ирандын объектилерине келтирилген зыян үчүн [Тегеранга] компенсация төлөөгө тийиш”, — деп айтты Хатибзаде.
Ал кошумчалагандай, Иран бул маселе боюнча БУУга расмий даттануу менен кайрылууну көздөп жатат.
Белгилей кетүүчү жагдай, АКШ 22-июнга караган түнү Иран Ислам Республикасынын атомдук программасына тиешелүү Фордо, Исфахан жана Натанз шаарларындагы объекттерге сокку жасаган. Андан кийин президент Дональд Трамп бул чабуулдар максатына жеткенин билдирген.
Азырынча Иран тарап бул авиасоккулардан канчалык материалдык зыян келтирилгендиги тууралуу маалымат бере элек.